Воскресенье, 19 апреля

Нарында окуучу өз жанын 110 сом үчүн кыйганбы?

0

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Токтобүбү Ашимбаева Нарын облусундагы мектеп окуучусунун өз жанын кыйганы тууралуу маселени көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында, окуя 1-апрель күнү болуп, Нарын районундагы Муса Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу 110 сом үчүн өз жанын кыюуга барган.

«Бүгүнкү күндө бул үй-бүлөгө да кысым көрсөтүлүп жатыптыр. Бала өзүн-өзү өлтүрүүнүн алдында классташтарына да менин эч күнөөм жок деп жазып кеткен. Бул боюнча баланын агасы дагы социалдык тармактар аркылуу кайрылууларды жасап жатат. Ушул иш боюнча Башкы прокуратура тарабынан кандай көзөмөл иштери жүргүзүлүп жатат?» — деп сурады эл өкүлү.

Башкы прокурор Максат Асаналиев бул окуя боюнча азырынча маалыматы жок экенин, бирок жагдайды тактап, маалымат берүүнү убадалады.

Ал эми агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова дароо аталган мектеп, социалдык педагог жана тиешелүү жергиликтүү бийлик менен байланышып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз