Пакистан бейшемби күнү Ливандагы Израилдин аба соккуларын катуу айыптап, аларды эл аралык укукту жана негизги гуманитардык принциптерди ачык бузуу катары сыпаттады.
Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Пакистандын, Ливанга каршы уланып жаткан Израилдин «агрессиясын» катуу айыптаганы, мунун жайкын тургундардын өлүмүнө жана инфраструктуранын кеңири кыйрашына алып келгени айтылды.
Исламабад Израилдин аракеттери аймакта тынчтыкка жана туруктуулукка жетүү боюнча эл аралык аракеттерге тоскоол болуп жатканын билдирип, эл аралык коомчулукту бул «агрессияны» токтотуу үчүн шашылыш жана конкреттүү кадамдарды жасоого чакырды.
