Сүлүктү шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун күмбөзү курулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, улуу инсанды эскерүү иш-чарасы алгач мамлекеттик ишмердин өмүр жолун чагылдырган сахналаштырылган программа менен башталды.
Аземде бир катар жетекчилер, коомдук ишмерлер, И.Раззаковдун туугандары улуу инсандын кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн жасаган баа жеткис эмгектерин эскеришти.
Облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев: ”Кыргызстандын жаралуу тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсанды эскерүү биздин милдет. Бул иш аракетибиз саясий ишмердин өрнөктүү өмүрүн, ак эмгегин келечек муунга үлгү катары жеткирүүгө да зор салымын кошот”, — деп айтты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Коросон айылында туулган. Ал Кыргызстанды социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан алга жылдыра алган. Эмгек жолунда Раззаков Кыргыз ССР министрлер советинин төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.
