АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнс Пакистанда Иран менен согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болгонун жарыялады. Негизги себеби Тегерандын өзөктүк программасынан баш тартпоосу болгон.
АКШ менен Иран Пакистанда бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашууга жетише алышкан жок. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнс Исламабадда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
