Суббота, 18 апреля

Бишкекте айыл чарба министрлери жолугушат

0

Бишкек шаарында 15-16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин 11-кеңешме жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагына жооптуу жетекчилери катышат. Буга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь кирет.

Анда аймактык жана глобалдык деңгээлдеги айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелери талкууланат. Анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагы боюнча кызматташтыгын тереңдетүү, алдыңкы тажрыйбаларды жана мыкты практикаларды алмашуу маселелери каралат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз