Пятница, 17 апреля

Кумтөрдүн канча салык төлөгөнү белгилүү болду

0

Акыркы беш жыл ичинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан мамлекеттик бюджетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 100 млрд сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу «Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегия» аттуу тоо-кен тармагынын форумунда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, компаниянын таза кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 706 млн АКШ долларына жеткен.

Министр ошондой эле беш жылдык мөөнөттө кенде 70 тонна алтын өндүрүлгөнүн жана ишкананын минералдык-сырьелук базасы запастардын көбөйүшүнүн эсебинен кыйла кеңейгенин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз