Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияда өткөн V Анталья дипломатиялык форумунун алкагында “Бирге көтөрүлүү: Борбор Азия мамлекеттеринин 35 жылдыгына карата глобалдык позициясы» аталышындагы панелдик сессияга катышты.
Сессиянын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Түркиянын делегация башчылары региондун дүйнөлүк күн тартибиндеги өзгөрүп жаткан ролуна баа беришип, анын учурдагы артыкчылыктарын, эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн, коопсуздук тармагындагы заманбап чакырыктар менен коркунучтарды, ошондой эле аймак ичиндеги мамилелердин абалын жана мындан аркы интеграциянын келечегин талкуулашты.
Иш-чаранын катышуучулары Борбор Азияга болгон эл аралык кызыгуунун өсүп жатканын жана эки тараптуу да, көп тараптуу да өз ара аракеттенүүнүн, анын ичинде чет мамлекеттер менен “5+1” форматтарында олуттуу кеңейип жатканын белгилешти.
Жээнбек Кулубаев мамлекеттик курулуш, экономикалык өнүгүү жана аймактык дипломатия жаатындагы Борбор Азия мамлекеттеринин маанилүү ички жетишкендиктерине көңүл буруп, алар саясий суверенитетти бекемдөөгө, олуттуу экономикалык прогресске жетишүүгө жана аймактык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн, анын ичинде чек ара маселелерин чечүү багытында, биргелешкен кадамдарды көрүүгө өбөлгө түзгөнүн белгиледи.
Сессиянын катышуучулары ошондой эле өзгөрүп жаткан глобалдык конъюнктуранын шартында Борбор Азиянын стратегиялык мааниси кыйла жогорулаганын белгилешти. Бул анын өсүп жаткан рыноктук потенциалы, бай жаратылыш ресурстары, транспорттук-логистикалык байланыштардын өнүгүшү жана динамикалуу жаш калктын болушу менен шартталат. Бул контекстте регион келечектеги геосаясий жана экономикалык ландшафтты калыптандырууда маанилүү орунду ээлейт.
Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Түркия менен болгон өзгөчө байланыштары да баса белгиленип, алар жалпы маданий жана тарыхый өзгөчөлүктөргө, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө негизделери айтылды.
