Атактуу бийик тоолу аймакта жай саратандагы ысык мал жандыктарына, жайыттарга коркунуч туудуруп жатканы австриялык фермерлер баса белгилешти. Суу жана тамак жетпейт. Куйкалап тийген күн жайыттардагы чѳптѳрдү кууратты, уйларды кышка даярдаган тоют менен тойгузуп жатышканын кабарлашты.
Тѳмѳнкү Австрия жайыттарынын экономикалык бирикмесинин жетекчиси Йозеф Майерхофер: «Башында чѳптѳр жакшы ѳсүп жаткан,аба ырайына байланыштуу соолуп катый баштган,деме кайра ѳспѳйт. Куураган чѳптѳр малга анча жагымдуу тамак боло албайт».
Ошондой эле ал, топтолгон тоют азайып жатканын фермер Мартин Каррер кабарлады. Анын айтымында, Хоштаффта мындан жогоруу жакта биз жаандын суусун чогултабыз. Ал кудукка агат. 23 музоо беш апта ушул чогулган сууну ичишти. Таңкалычтуу эмес, бирок жамгыр жаабаса кудук какшып калат.
Бйик тоолуу аймакта шалбаалар күндүз ысыктан соолуйт, ѳтѳ ысык болгон кечте чѳп үстүндѳгү шүүдүрүм пайда болбой калат.Ошондуктан нымдуулук жок. Фермерлердин айтымында, уйларды түштѳн кийин эле короого айдап кирип,кышка даярдаган тоют чѳптү беришет. Ал сүттүн сапатын начарлатат жана сыр жасоодо тоскоолдуктарды жаратат.
Коңшу Швейцарияда дагы ушундай эле маселе. Бирок ал жердин фермерлери оптимисттик маанайда. Клод Бейлер: «Адатта, табият ѳзү ,мындай учурда бизге жардамга келет. Августтун ортосунда аба ырайы жакшырып, уйлар жайыттарга чыгып, толук кандуу чѳптѳр менен тамактанышат.Бул жылдагы биринчи кышка даярдык жакшы ѳттү. Кышка жетиштүү тоют даярдап алабыз деп ишенем»,-деди.