9-августа катуу оорудан кийин Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Догдурбек Нургазиев Кыргызстандын эң белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири эле. Анын сүрөттөрү көптөгөн республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдө: Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония жана башка өлкөлөрдө коюлган.
Нургазиев Догдурбек Бакасович 1955-жылы 28-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында туулган.
Догдурбек Нургазиевдин чыгармачылыгы постмодернизмге ыктайт. Эмгектери КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде бар (Москвадагы Чыгыш искусство музейинде, Женевадагы Улуттар сарайынын галереясында жана башка).
Мамлекет алдында чыгаан сүрөтчүнүн жасаган эмгеги жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамдарына татыган. Т. Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү, профессор, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-августта Бишкек шаарында өтүп, маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.