Воскресенье, 24 ноября

Түркиядан консулдук төлөмдѳрдү азайтууну суранган мигранттар

0

Социалдык тармакта Түркиядагы кыргыз жарандарынын консулдук төлөмдөрдү азайтууга боюнча талкуу кызуу жүргүзүлүүдѳ. Алар жаңы паспорт жана балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөнчү акы көп экендигин айтышат.

Түркиядагы кээ бир мигранттар тѳлѳмдѳрдү азайтуу боюнча элчиликке кайрылган. Себеби жаш үй-бүлѳ балалуу болгондо баласына күбѳлүк алуу үчүн 53доллар тѳлѳгѳнү тууралуу бѳлүшкѳн. Учурда Түркияда доллардын наркы ѳсүүдѳ. Ошол себептен жашоо шартка кыйынчылык алып келип жатканын мигранттар социалдык тармактарда маалымдашат.

Консулдуктун көрсөткөн кызматы үчүн төлөмдөр тууралуу Анкарадагы элчи консул Чыңгыз Абрахманов төлөмдөр 2017-жылы бекитилгенин билдирди. Ошондой эле ал айрым учурда материалдык абалына жараша элчиликке арыз менен кайрылган жарандарга жеңилдиктер караларын да кошумчалады.

Түркиянын мыйзамдарына ылайык бул өлкөдө төрөлгөн чет элдик жарандардын балдарына түрк жарандыгы берилбейт. Ымыркай төрөлгөндөн кийин 15 күн ичинде тийиштүү мекемелерден расмий каттоодон өтүп, ата-энесинин Түркиядагы макамына ылайык бул өлкөдө жашоого уруксат визасы алынууга тийиш.

Расмий каттоодон өтүш үчүн жаңы төрөлгөн баланын өз өлкөсүнүн элчилиги тарабынан туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана паспорту болушу керек.

Түркияда бала-чакалуу болгон кыргызстандыктар жыл сайын көбөйүүдө. Консулдук төлөмдөрдүн кымбаттыгынан улам күбөлүк албай, каттоосу жана визасы жок чоңоюп жаткандар да кездешет.

2018-жылы Түркияда 1 миллион 300 миңге жакын чет өлкөлүк ымыркай төрөлгөн. Булардын канчасы Кыргызстандын жараны экени тууралуу так маалымат жок.

Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык расмий катталган. Алардын дээрлиги эмгек мигранттары. Кыргызстандыктар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу шаарларда жашап эмгектенишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз