АКШ менен Иран согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документ электрондук түрдө толтурулуп, күчүнө кирди, деп жазат lenta.ru.
Документте эки өлкөнүн суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоо жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптери бекитилген.
Ошондой эле АКШ жакынкы 30 күндүн ичинде Иранга чектеш аймактардан өз аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүгө милдеттенди.
Өз кезегинде Иран Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерден акы алуудан баш тартып, жакын арада кысыкта кемелердин коопсуз каттамы толук калыбына келтирилет.
Акыркы келишимди тараптар алдыдагы 60 күндүн ичинде макулдашууну пландап жатышат.
