Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация Анкарада «Түркиянын курулуш саммити – 2026» иш-чарасына катышууда.
Ведомстводон маалымдашкандай, аталган саммит курулуш тармагын өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.
Анда Нурдан Орунтаев Кыргызстандын курулуш тармагынын учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу сөз сүйлөп, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инфраструктуралык долбоорлор, турак жай курулушунун өнүгүшүнө жана заманбап технологияларды киргизүүгө токтолду.
Мындан сырткары, министр кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, ошондой эле эки өлкөнүн курулуш компаниялары ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтты.
Саммиттин алкагында Нурдан Орунтаев Түркиянын Куруучулар союзунун президенти Эрдал Эрен менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, курулуш тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана курулуш тармагына заманбап технологияларды тартууга өбөлгө түзөт.
