Четверг, 25 июня

Бишкекте ШКУнун энергетика министрлери чогулду

0

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Энергетика министрлеринин VI жыйыны Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп жатат. Бул жыйын энергетика тармагындагы аймактык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн негизги эл аралык аянтча болуп саналат.

Ачылыш аземинде энергетика министри Алтынбек Рысбеков мындай деңгээлдеги жыйынды Бишкекте өткөрүү Кыргызстандын энергетика тармагы үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

Ал ошондой эле ШКУнун 25 жылдык мааракеси уюмдун өнүгүүсүндөгү жаңы стратегиялык этапты белгилеп жатканын жана акыркы жылдары энергетикалык кызматташтык аймактык коопсуздук маселелеринен туруктуу жана “жашыл” өнүгүүгө чейин кеңейгенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз