20-июнда тоолорго жааган жамгырдан улам кокту-колоттордон сел түшүп, Баткен облусунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде бир катар турак жайларга суу кирген.
Маалыматка ылайык, анда 4 үйгө, 10 үйдүн короосуна, 7 үйдүн жана бир дүкөндүн жертөлөсүнө суу кирген.
Жерине жалпы 70 куткаруучу, 7 техника тартылды.
«Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ак-Сай айыл аймагынын башчысынын буйругунун негизинде өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Учурда аймакта сел кесепеттерин жоюу иштери дээрлик аяктоодо. Жол каттамдары ачык», — деп айтылат маалыматта.
