Бишкек – Ош унаа жолунда селдин кесепеттери ыкчам жоюлуп, каттам калыбына келтирилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 22-июнга караган түнү саат 01:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен аталган унаа жолдун 432-435-чакырым аралыгында сел жүргөн.
«Жерине атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жол таңкы саат 05:00гө карата тазаланып, каттам берилди», — деп айтылат маалыматта.
Учурда жолду толук тазалоо иштери улантылууда.
