Баткен облусунда сел кесепеттерин жоюу боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаевдин жетекчилигинде жыйын өтүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда, селдин кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери боюнча маалыматтар угулду.
Ташбалтаев жетекчилерге турак үйлөрдү, короо-жайларды, административдик имараттарды сел сууларынан тазалап, жолдорду ачуу, электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.
Учурда келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда.
Белгилей кетсек, күн мурун Баткенде нөшөрлүү жаандан улам бир катар айылдарда сел жүргөн.
