Четверг, 25 июня

Роналду Өзбекстан менен болгон оюнда рекордго жетишти

0

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду дүйнө чемпионатынын тарыхында 10 гол киргизди. Бул тууралуу Чемпионат порталы жазды.

Маалыматка ылайык, Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын K тобунун оюндарынын 2-турунда Өзбекстанды 5:0 эсебинде утуп алды. Оюн АКШнын Хьюстон шаарындагы NRG стадионунда өттү.

Анда Роналду Өзбекстандын дарбазасына эки гол киргизди. Муну менен 41 жаштагы чабуулчунун дүйнө чемпионатынын тарыхында 10 голу бар.

Буга чейин, 1-турда Португалия Конго менен беттешкен. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Бирок Роналду дарбазага гол киргизе алган эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз