Четверг, 25 июня

Японияда катуу жер титирөө болду

0

Японияда 6,9 баллдык жер титирөө болду.

Маалыматка ылайык, Япониянын түндүгүндөгү Иватэ префектурасынын чыгыш жээгинде 6,9 баллдык жер титирөөнүн очогу болжол менен 50 чакырым тереңдикте жайгашкан. Цунами коркунучу жок экени айтылды.

Жер титирөөдөн кийин Сендай — Син-Аомори линиясында поезддин каттамы токтотулган.

Бул аймакта акыркы айларда жер титирөө көп катталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз