Венесуэлада жер титирөөдө каза болгондордун саны 1719га жетти. Бул тууралуу Казинформ Анадолу агенттигине шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, өлкөдө жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу иштери уланууда.
Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес акыркы эки зилзаладан кийин учурдагы кырдаал боюнча элине кайрылуу жасады.
Родригес билдиргендей, жер титирөөдө каза болгондордун саны 1719 адамга жетти, жаракат алгандардын саны 5 034ү түздү.
Анын айтымында, жер титирөөдө 22 миң 619 адам жабыр тартты, 855 имаратка зыян келтирилип, 189у толугу менен кыйрады.
