Мексикада каттуу жер титирөө болду

0

Мексиканын Юкатан штатында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына таянып, Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Юкатан штатындагы Эль-Прогресо шаарынан түштүк-батышты карай 75 чакырым алыстыкта, деңизде жайгашкан. Силкинүүнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске салсак, буга чейин 24-июндун кечинде жана 25-июндун таңында Венесуэлада 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болуп, көптөгөн турак жайлар жана башка инфраструктуралар кыйраган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны 1943 адамга жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз