Сырттан келген инвестиция 34 пайызга өстү

0

Кыргызстанда 2026-жылдын I чейрегинде түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы былтыркыга салыштырмалуу 34%га өсүп, 386,7 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–март айларында инвестициянын агымы 288,2 млн АКШ долларын түзгөн.

Чет өлкөлүк инвестициялардын эң чоң көлөмү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна туура келип, 93,6 млн АКШ долларына жетти. Андан кийин кайра иштетүү өнөр жайына болжол менен 90,1 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Белгилей кетсек, өсүш негизинен дүң жана чекене соода секторунун эсебинен камсыз болгон. Мында инвестициянын көлөмү 64,5 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 137%га көбөйдү. Маалымат жана байланыш секторуна тартылган инвестициянын көлөмү 75%га өсүп, 46,9 млн АКШ долларын көрсөттү.

Чет өлкөлүк инвестициялардын эң жогорку өсүшү кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк секторунда байкалды. 2026-жылдын I чейрегинде 49,5 млн АКШ долларына жетип, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 26 эсеге көбөйдү (2025-жылдын I чейрегинде бул секторго 1,8 млн АКШ доллары тартылган).

2026-жылдын I чейрегинде түз чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 30%ы Бишкек шаарына туура келип, инвестициялардын көлөмү 115,8 млн АКШ долларын түздү. Талас облусуна 80,3 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылып, бул жалпы көлөмдүн 20,7 %ы болду.

Нарын облусуна тартылган инвестициялардын көлөмү 69,7 млн АКШ долларын, ал эми Ош облусуна 68,6 млн АКШ долларын түздү. Андан кийинки орундагы Жалал-Абад облусуна жалпы көлөмү 43,3 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылды

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз