Бүгүнтөн баштап такси айдоочулардан лицензия талап кылынат

0

Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында лицензиясы жок жүргүнчү ташыган таксисттерге карата айып пулдар салына баштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан «Кабар» агенттигине билдиришкендей, бүгүн, 1-июлдан тарта такси кызматын көрсөтүү үчүн тиешелүү уруксат кагазы жок айдоочуларга административдик чаралар көрүлө баштады.

Тактап айтканда, белгиленген талап аткарылбаган учурда жеке жактарга 7 миң 500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Учурда өлкө боюнча «Коомдук транспорт» аталышындагы рейддик иш-чаралар жүрүп жатат.

ЖКККББдан белгилешкендей, лицензиясы жок айдоочулар дагы эле тиешелүү документтерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«Жетишпей калгандар лицензия алуу үчүн кайрыла берсе болот. Анткени лицензия берүү токтотулган жок», — деп айтылат маалыматта.
Башкармалык айдоочуларды мыйзам талаптарын так сактоого жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык тиешелүү документтерди тариздеп алууга чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз