Пятница, 3 июля

Ош мэриясы шаар күнүнө карата дагы 10 скверди ачат

0

Ош шаарынын күнүнө карата дагы 10 сквер ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин мэр Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 10 жаңы сквер пайдаланууга берилген.

«Бүгүн дагы 10 сквер курула турган жерлер аныкталды. Жаңы эс алуучу жайлар мурда каралбай калган, эски көп кабаттуу үйлөрдүн жанында шаардын ар бир аймагына курулат. Мэр Жанарбек Акаев бүгүн бардык локацияларды жеринен көрүп чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Скверлерди куруу иштери жакынкы күндөрү башталып, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилет. Жашыл аймакта балдар аянтчасы, отургучтар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган. Максат — шаардын ар бир тургуну үчүн жайлуу, коопсуз жана жашыл эс алуу жайларын түзүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз