Пятница, 3 июля

УКМК Академиясынын бүтүрүүчүлөрү дипломдорун алды

0

Бүгүн УКМКнын генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы Академиясында кезектеги бүтүрүүчүлөргө алгачкы офицердик наамдарды жана дипломдорду салтанаттуу тапшыруу аземи өттү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, салтанаттын алкагында аталган окуу жайдын кесиптик кайра даярдоо курсунун угуучуларына, ошондой эле Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларын аяктап келген кыргызстандык бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ведомствонун ардагерлери жана кызматкерлери катышты.

Салтанатта УКМК жетекчилиги бул окуу жайды улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган алдыңкы борбор катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Соңку бүтүрүүчүлөр өлкөнүн мамлекеттик коопсуздугун камсыз кылуу жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга тийиш экендиги баса айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз