Президент Садыр Жапаров кечээ, 3-июлда Ысык-Көл облусундагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын (АФИА) ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнөктөштөр катышты.
Салтанаттуу аземди ачып жатып, мамлекет башчысы бул аймак региондук жана дүйнөлүк экономикалык процесстер үчүн жаңы инвестициялык аянтча болорун белгиледи.
