Пятница, 22 ноября

Сотто А.Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралат

0

16- августта Бишкек шаардык сотунда мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча отурум өтөт. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, сот отуруму эртең, 16-августта эртең менен болот.

А.Атамбаев 8-августта кармалып, алгач ИИМге, андан кийин УКМКга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга 26-августка чейин камалган.

Буга чейин Башкы прокуратура А.Атамбаев төмөнкү кылмыштарга шектелип жатканын билдирген:

  1. укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу;
  2. массалык баш аламандык уюштуруу;
  3. адам өлтүрүүнү уюштуруу;
  4. адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу;
  5. барымтага алууну уюштуруу;

Аскердик прокуратура 14-августта дагы эки факт боюнча айып таккан:

  1. «Форум» имаратынын менчикке өткөрүлүп берилиши;
  2. ЖЭБди модернизациялоо.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдиргендей, Атамбаев ошондой эле куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча шектелип жатат. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз