11-июлда Чоң-Кеминдин Шабдан айылынын ипподромунда «Ак илбирс экоФест Чоң-Кемин 2026» экологиялык фестивалы өтөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, быйылкы иш-чара «Ак илбирс: эко-билим берүү – Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи» деген ураан алдында өтмөкчү.
Фестивалдын башкы максаты – экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, экотуризмди жайылтуу жана өлкөнүн улуттук символу болгон ак илбирсти сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу.
Белгиленгендей, иш-чара «Илбирс – жашыл муун» фонду, Глобалдык программанын катчылыгы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурулууда.
