Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагында эмгектенип жана жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар арасында мыйзамсыз миграциянын, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Шаардык милициядан билдиришкендей, рейддик иш-чаранын алкагында чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын аймагында жүрүүнүн жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн мыйзамдуу тартиби, алардын укуктары жана милдеттери кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле өлкөнүн мыйзамдарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, укук бузууларга жана кылмыштарга жол бербөө боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, чет өлкөлүк жарандарды жумушка тарткан жергиликтүү жана чет өлкөлүк иш берүүчүлөр менен жолугушуулар уюштурулуп, эмгек мигранттарынын мыйзам талаптарын сактоосун камсыз кылуу, алардын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин 2026-жылдын 24-июнундагы № 233 Жарлыгынын талаптары түшүндүрүлүп, 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин жүргүзүлүп жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын миграциялык укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу тартип тууралуу маалымат жеткирилди. Анын алкагында миграциялык мыйзамдардын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандарга өз ыктыяры менен Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттө мыйзамда каралган айрым административдик жоопкерчилик чаралары колдонулбай турганы түшүндүрүлдү.
