Четверг, 9 июля

Бишкектин көпчүлүк бөлүгүндө суу өчүрүлөт

0

Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол күнү саат 09:00дөн 10-июлга караган түнкү саат 03:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик, өндүрүш объекттеринде суу берүү токтотулат.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

Алма-Ата көчөсү;
Чыгыш- 5 кичи району;
Абдрахманов көчөсү;
Элебесов көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки аймак;
Чоң Чүй каналы жана Бакай-Ата көчөсү;
Лебединовка айылы (Киров көчөсү боюнча ЧЧКдан Калинин көчөсүнө чейин);
Луганская, Лермонтов, Ж. Баатыр көчөлөрү жана “Мадина“ базары.
”Суунун өчүрүлүшү диаметри 500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу”, — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз