Суббота, 11 июля

Көл-Төр көлүндө ашып кетүү коркунучу барбы? ӨКМ маалымат таратты

0

Чүй облусунун Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүндө мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коопсуздукту камсыздоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда жүргүзүлгөн текшерүүдө Көл-Төр көлүнүн суусунун деңгээли көтөрүлгөнү аныкталган. Ошондой эле өткөн жылы орнотулган гофраланган корсис түтүктөрүнүн ажырап, чачылып калганы белгилүү болгон. Мындан улам көлдүн суусу ашып чыгып, агын суунун жер кыртышын жууп кетүү жана көл жээгинин бузулуу коркунучу жаралган.

«9-июль күнү Чүй райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан Султан Ибраимов айыл аймагындагы аталган көлдө алдын алуу иштери аткарылды. Куткаруучулар түтүктөрдү кайрадан чогултуп, натыйжада ашкан суу түтүктөр аркылуу коопсуз түрдө төмөн карай агызылды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда жүргүзүлгөн иштердин алкагында көлдүн абалы туруктуу көзөмөлгө алынып, кырсыктардын алдын алуу иш-чаралары ийгиликтүү жыйынтыкталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз