Күн мурун Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 232-чакырымында сел жүрдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жерине министрликтин атайын техникалары ыкчам тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылды.
«Учурда жолду тазалоо жана каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.
Транспорт министрлиги айдоочуларды жолдо этият болууга жана жол эрежелерин так аткарууга чакырат.
