Понедельник, 13 июля

Эртең Бишкектин кээ бир райондорунда суу өчүрүлөт

0

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт.

Мэриянын маалыматына ылайык, 14-июль күнү саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө чейин), 6-кичи район, 5-кичи район толук эмес, 8-кичи райондун түштүк тарабы, Ала-Арча-1, Ала-Арча-2, Ала-Арча-3 турак жай шаарчалары, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Француз кварталынын батыш тарабы, Газпром мектеби, Асанбай 40/1. 8-кичи районунда суу берилбейт.

Буга байланыштуу ушул аймактагы турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу диаметри 600 мм болгон суу түтүгүндөгү авариялык-калыбына келтирүү иштеринен улам өчүрүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз