Ноокен районунда 466 турак үйдү сел суулары каптады

0

Бүгүн түнкү сааттарда 02:00гө карата нөшөрлүү жаандын кесепетинен Ноокен районунун аймагында сел жүрүп, бир катар турак жайларды жана социалдык объектилерди суу каптады.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кырдаалга байланыштуу облус башчысынын орун басары Исламбек Увайдуллаев жеринде ыкчам штабдын жыйынына катышып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине селдин кесепеттерин жоюу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана келтирилген чыгымдарды тактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Алдын ала маалымат боюнча, Ноокен району боюнча жалпы 466 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Анын ичинен 76 турак үйдүн ичине, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 1 бала бакчага, 1 мечитке, ошондой эле 4 коомдук тамактануучу жайга, 5 унаа оңдоочу жайга жана 2 унаа жуучу жайга сел суулары кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз