Жалал-Абад облусунда 13-июлда саат 20:42де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен. Анын очогу Макмал айылынан түштүккө карай 17 чакырым, Кош-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 25 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-чыгышка карай 75 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Кош-Дөбө, Макмал, Кара-Дөбө, Байбиче айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
