Четверг, 16 июля

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюу иштери тездетилди

0

Ноокен районунда сел суусунун нугун тоскон көпүрө жана тосмо алынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев кырсык болгон аймакка барып, абал менен жеринен таанышып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин тездетүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берген.

«Анын негизинде Момбеков айыл аймагынын Көк-Там участогунда сел суусунун агуусуна тоскоолдук жараткан ички чарбалык көпүрө жана бир турак үйдүн тосмо алынды», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 13-июль күнү Ноокен районунда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен сел жүрүп, 466 турак үйдүн короосун суу каптаган. Анын ичинен 80 турак үйдүн ичине сел суусу кирген. Мындан сырткары, 4 коомдук тамактануучу жай, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай, 1 мечит жана 1 бала бакча селден жабыркаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз