Суббота, 18 июля

Түркия менен Украинанын тышкы иштер министрлери жолукту

0

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Росия менен Украинанын ортосундагы согуштун Кара деңизге жайылышын каалабай турганын билдирип: «Портторду, танкерлерди жана балыкчы кемелерин бутага алуу жана жарандардын өмүрүн тобокелге салуу актала турган нерсе эмес»,- деди.

Фидан бул сөздөрдү Украинанын борбору Киевде Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында айтты.

Фидан согуштун башынан бери (2022-жылдын февралы) баса белгиленген «чыр-чатактын жайылуу коркунучу» олуттуу коркунуч бойдон калып жатканын жана чыңалуунун ар кандай жолдор менен күчөп баратканын билдирди.

Фидан Кара деңиздин коопсуздугун коркунучка салган окуялардын бул тынчсызданууларды ого бетер күчөтүп жатканын белгилеп:»(Россия менен Украинанын) Согуштун Кара деңизге жайылышын каалабайбыз»,- деп кайталады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз