Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде, коомчулук кооптонуп жаткан суроолорго жооп берди. Өлкө башчы мамлекеттин жери чет элдиктерге сатылбай турганын, инвестициялык долбоорлор катуу көзөмөлдөнөрүн жана мыйзам бузган чет элдик жарандарга карата чаралар күчөтүлгөнүн айтты.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич.
— Саламатчылык.
— Акыркы күндөрү Жер кодексине байланыштуу талкуулар соцтармакта күчөдү. Коомдо «чет элдик инвесторлорго жер 50 жылга чейин ижарага берилет» деген маалыматтар тарап жатат. Бул норманын өзү кайдан чыккан? Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго узак мөөнөттүү ижара берүү практикасы мурда да болгонбу же бул таптакыр жаңы сунушпу?
— Биринчиден, бул жерде эң негизги нерсени так түшүнүп алышыбыз керек. Чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү бүгүн эле пайда болгон жаңы норма эмес. Бул механизм Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келет. Азыркы өзгөртүүлөрдүн максаты аны заман талабына ылайык тактап, көзөмөлдү күчөтүү жана инвестордун жоопкерчилигин дагы да жогорулатуу болуп саналат.
Муну ар бирибиз эле жакшы билебиз. Бишкектеги «Vefa Center», «Beta Stores» сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан.
Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат.
Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт.
Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат.
Ошондуктан бүгүн бул маселени «жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат» деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт.
Дагы кайталайм, мурда эле колдонулуп келген инвестициялык механизм.
Азыр болгону мамлекет аны дагы да тартипке салып, жоопкерчиликти күчөтүп жатат.
Жерди алып коюп, эч нерсе курбай убакыт созуп жүрө беришпесин деген саясат.
Тилекке каршы, айрым саясатчылар ушул теманы бурмалап, коомдо негизсиз кооптонуу жаратууга аракет кылып жатышат. Алар чет элдик жаранга катталган менчик 1 сотых жерди көрсөтсүнчү! Андай жок.
