Воскресенье, 19 июля

Дүйнө чемпионатын жеңген футболчуларга шакек берилет

0

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында жеңишке жеткен курама команданын оюнчулары тарыхта биринчи жолу чемпиондук шакектерге (перстень) ээ болушат. Бул тууралуу ФИФАнын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 2 026 даана шакек даярдалат. Анын 30у чемпион болгон футболчуларга бөлүнсө, калган 1 996 шакекти дүйнө жүзүндөгү күйөрмандар сатып ала алышат.

Белгилей кетсек, чемпиондук перстендерди тапшыруу салты Түндүк Американын спорттук лигаларында (НБА, НФЛ ж.б.) абдан популярдуу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз