Вторник, 21 июля

Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого 3 жылга тыюу салынды

0

Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого 3 жылга мораторий жарыяланды.

Айыл чарба министрлигининен билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 21-июлунан 2029-жылдын 21-июлуна чейин Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга тыюу салынат.

Бул чечим көлдөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, балык ресурстарынын табигый көбөйүшүнө шарт түзүүгө жана өлкөнүн суу экосистемаларын коргоого багытталган.

Аталган жарлык эртең, 21-июлдан тартып күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз