Вторник, 21 июля

Айтиев атындагы музейде «Улоо. Устат-шакирт» көргөзмөсү ачылат

0

22-июлда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде «Улоо. Устат-шакирт» аттуу көргөзмө ачылат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор көп жылдан бери үзүрлүү ишке ашырылып келе жаткан чыгармачылык демилге болуп саналат.

«Долбоор эки муундагы сүрөтчүлөрдү бир көркөм мейкиндикте бириктирип, устаттын чыгармачылык тажрыйбасын жана көркөм салтын жаш муунга өткөрүп берүү менен улуттук көркөм өнөрдүн үзгүлтүксүз өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Быйылкы көргөзмөгө белгилүү сүрөтчү, педагог Сталбек Токтоев жана анын шакирттери Б.Темиров, Н.Кенжеев, М.Асеин уулу, А.Темиров, К.Тере, Т.Сейитбек кызы, Т.Сапарбек уулу, Л.Оболбек кызы жана Р.Мамытбеков катышат.

Экспозицияда живопись, графика жана керамика багытындагы эмгектер сунушталып, ар кыл муундардын чыгармачылык изденүүлөрү аркылуу искусстводогу мурастоолук менен жаңычылдыктын айкалышы чагылдырылат. Көрүүчүлөр устат менен шакирттин ортосундагы чыгармачыл байланыштын кандайча жаңы көркөм чечимдерге жол ачарын байкай алышат.

«Улоо. Устат-шакирт» көргөзмөсү көркөм мурастын муундан муунга өтүшүн, чыгармачылык эркиндиктин калыптанышын жана улуттук көркөм өнөрдүн өнүгүү жолун чагылдырган маанилүү маданий долбоор болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз