Улуттук тарых музейинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө арналган маалыматтык жыйын өттү. Иш-чара «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды» деген символикалык аталышта өтүп, анын алкагында маданий программанын концепциясы, негизги аянтчалар жана алдыдагы долбоорлор сунушталды.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, оюндардын уюштуруучулары, маданият ишмерлери, журналисттер жана блогерлер катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков кыргыз эли үчүн 40 санынын өзгөчө маанисин белгилеп өттү.
«Кыргыз эли үчүн 40 саны жөн гана цифра эмес. Ал руханий жаңылануунун, сабырдуулуктун, биримдиктин жана жаңы башталыштын символу болуп саналат. Дал ушул күндөн тартып VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн жыйынтыктоочу этабы башталат», — деди ал.
Анын айтымында, калган 40 күндүн ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында көчмөн цивилизациясынын маданиятын жана кыргыз элинин руханий баалуулуктарын даңазалоого багытталган түрдүү иш-чаралар, жолугушуулар жана демилгелер өткөрүлөт.
«Бүгүн биз коомчулукка VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий концепциясын жана анын негизги багыттарын сунуштап жатабыз. Бул программа бүткүл дүйнөгө улуттук маданиятыбыздын байлыгын, чыгармачылык мумкүнчүлүгүбүздүжана элибиздин меймандостук каада-салтын көрсөтүүгө мүмкүндүк берген аянтчага айланат», – деп белгиледи министрдин орун басары.
Ал оюндарды өткөрүү уюштуруучулук гана иш-чара эмес, маданий мурасты келечек муундарга сактап калуу жана өткөрүп берүү, ошондой эле элдер ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгү экенин баса белгиледи.
Өлкөнүн 40 районунда «Биримдик кербени» жолго чыгат
Иш-чаранын алкагында уюштуруучулар «Биримдик кербени» улуттук долбоорунун андан аркы маршруту тууралуу да айтып беришти.
Кербен жолдун бир бөлүгүн басып өттү, ал эми алдыдагы 40 күндө Кыргызстандын 40 району боюнча жолун улантат.
Союзбек Надырбеков белгилегендей, кербен өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, элдин биримдигин, көчмөндөрдүн бай мурасын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын демин чагылдырган символикалык бириктирүүчү кыймыл болуп калмакчы.
«Ар бир облус өзүнүн каада-салтын, искусствосун, тарыхын жана маданий баалуулуктарын тартуулап, бүткүл өлкөнүн биримдигине өз салымын кошот», — деди ал.
Министрдин орун басарынын айтымында, уюштуруучулардын башкы милдети оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү гана эмес, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын дүйнөгө кеңири таанытуу, улуттук мурасты сактоо жана эл аралык маданий диалогду чыңдоо болуп саналат.
Ал ошондой эле ЖМК өкүлдөрүн жана блогерлерди VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты жана аны өткөрүүнү жигердүү чагылдырууга чакырды.
«Өлкө үчүн бул маанилүү окуянын дүйнөгө кантип тартууланышы сиздердин кесипкөй көз карашыңыздарга, чыгармачылык жумушуңуздарга жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздерден көз каранды», — деп баса белгиледи ал.
40 саны кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын көркөм жетекчиси Алтынбек Максутов да кыргыз элинин маданиятында 40 санынын символикалык маанисин белгиледи.
Анын айтымында, бул сан Манастын 40 чоросу, 40 кыз жана баланын «кыркынан чыгаруу» үрп-адаты сыяктуу түшүнүктөр менен байланыштуу.
«Кыргыз эли качан да болсун сөздүн кубатын жогору баалап, символдорго чоң маани берген. Бүгүнкү ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу да зор мааниге ээ, анткени оюндардын мазмуну жана мааниси коомчулукка жана эл аралык аудиторияга кантип жеткирилери дал сиздердин кесипкөй ишиңиздерге байланыштуу болмокчу», — деди ал.
Маданий программанын презентациясы
Уюштуруучулар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын мазмуну жана коноктор менен катышуучулар үчүн даярдала турган негизги аянтчалар тууралуу кеңири айтып беришти.
Даярдыктын алкагында сүрөтчүлөр жана айкелчилер арасында сынак өткөрүлгөн. Сынактын жыйынтыгы боюнча көчмөн маданиятына арналган таштан жасалган 16 айкел, ошондой эле майлуу боёк менен тартылган 45 масштабдуу сүрөт жаратылууда.
Бардык иштер 15-августка чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө. Бул чыгармалар туруктуу сактоо үчүн Курманжан датка атындагы музейге өткөрүлүп берилет.
Уюштуруучулар мындай чечим мурунку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынганын, анткени ал кезде чеберлер тарабынан жаратылган эмгектер сакталбай калганын белгилешти.
Ири аянтчалардын бири чоң боз үйлөр жайгашкан аймак болот, ал жерде окумуштуулар илимий иш-чараларды өткөрүшөт. Ошондой эле фуд-зоналар, этно-базарлар жана «Көчмөндөр» эл аралык фестивалы уюштурулат.
Жалпысынан жети негизги локация жана бир нече кошумча аянтчаларды түзүү пландалууда. Маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн жалпысынан 50гө жакын түрдүү мейкиндик даярдалат.
Мындан сырткары, ири иш-чаралар үчүн LED-экрандары бар заманбап сцена курулууда. Сценанын артында артисттер үчүн атайын зоналар — чатырлар жана боз үйлөр каралган.
Жолугушуунун соңунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын уюштуруучулары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана блогерлердин суроолоруна жооп беришти.
