Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Амасья провинциясынын ишкерлери менен жолугушту.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Анда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган максатка жетүүдө аймактар аралык байланыштардын маанилүү ролун белгилешти.
Руслан Казакбаев өз сөзүндө Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп тааныган мамлекеттердин бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу саясий байланыштар стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатканын билдирди.
Элчи түрк ишкерлерине Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.
Түрк ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстанда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтышты.
Тараптар мындан ары ишкердик — миссияларды уюштуруу, B2B жолугушууларды өткөрүү жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү маанилүү экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына жана эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган бизнес-форумдун алкагында өткөн.
