Пятница, 31 июля

Өлкөдө мал-жандыкты каттоо уланууда

0

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иштердин жыйынтыгын чыгарды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул аралыкта өлкө боюнча 14,26 млн баш малга ветеринардык-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле малды каттоо багытында Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына 2,3 млн баштан ашуун ири мүйүздүү мал жана 553 миңден ашык жылкы киргизилди.

Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча Кытай, Өзбекстан, Европа биримдиги, Түркия жана Россия багыттарында иш алып барган ишканалар катталды. Ошондой эле малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн 270 миң доза уруктук материал сатып алынып, 46 миңден ашуун уй жасалма уруктандырылды.

Мындан тышкары ветеринардык кызматтарды санариптештирүү багытында «Тулпар2 системасы Россиянын «Меркурий» маалыматтык системасы менен интеграцияланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз