Бүгүн, 3-августтан тартып “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл” алтын коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары Кыргызстандын мамлекеттик желегинин желбиреп турган фонунда алдыга басып бараткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу болуп саналат, ал республиканын улуулугун, күчүн жана жаратылыш байлыгын билдирет.
Монетаны тегерете “Эгемен Кыргыз Республикасы” деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө “100 С” номиналы жана “35 жыл” деген жазуу бар.
Монетанын арткы бетинде да “35” цифрасы түшүрүлгөн, анын ичинде Кыргызстандын бай мурасын жана маданий ар түрдүүлүгүн чагылдырган кыргыздын кол өнөрчүлүгү – курактын элементтерин камтыган геометриялык сызыктардын фонунда өлкөнүн герби жайгаштырылган. Монетанын сол жагында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” жана монетанын чыгарылган жылы жайгаштырылган.
Төмөнкү бөлүгүндө – металлдын сапат белгиси (Au 999) жана монетанын салмагы (7,78 g) көрсөтүлгөн.
Улуттук банктан белгилешкендей, “Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл” коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
