24-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча 23 миң 179 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 788;
мас абалында унаа башкаруу – 395;
унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу – 240;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 803;
унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 793;
авто ээнбаштык – 25;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1 500;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 10;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 461;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 164 унаа айып короого токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
