Пятница, 20 сентября

Кашмирдеги окуя дүйнѳ жүзүн кѳңүл бурууга чакырды

0

Пакистандын ѳкмѳт башчысы дүйнѳ элин Кашмирдеги окуяга кийлигишүүгѳ чакырды. Ѳлкѳ башчы Имран Хан Индиянын кѳзѳмѳлүндѳгү бѳлүгү болгон Джаму жана Кашмирдеги окуяга дүйнѳ жүзүн жумурай журттун кѳңүл буруусуна чакырды.

“Эл аралык коомчулук,Сребреницадагу тукум куруттай, Джамму менен Кашмирдеги, мусулмандардын кырылып жатканына кайдыгер болуп кала береби?”, -деп  Имран Хан Twitter баракчасына жазып чыкты.

Ошондой эле, Пакистандын өкмөт башчысы эл аралык коомчулукту Индиянын ѳкмѳтү   аймактагы абалды курчутууда орду толгус натыйжаларга алып келиши мүмкүн экенин эскертти. “Нью-Дейлидагы иш аракеттер абалды курчутат. Индия бийлигинин иш-аракеттери мусулмандардын радикалдашуусуна алып келиши жана зордук-зомбулук толкунуна түрткү бериши мүмкүн”, -деп баса белгиледи Хан. 

Андан тышкары Джамму жана Кашмирде кошумча куралдуу күчтѳр болуп, Индия тарабынан мусулмандарга чектѳѳлѳр киргизилегенин айтты.

Пакистан Индияны БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорду бузду  деп айыптап жана өч алууга даяр экендигин билдирди. Джамму жана Кашмирдеги мусльмандар топтору Индиядан кѳз карасыздыкты талап кылышууда. Кашмирдеги кагылышуулардан 70миң адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз