Пятница, 14 августа

25-августтан 10-сентябрга чейин Бишкекте айрым жолдор жабылат

0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада өтө турган ири иш-чаралар маалында ыңгайсыздыктарды азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 25-августтан 10-сентябрга чейин шаардагы айрым жолдор жабылат. Ушуга байланыштуу мэрия туристтик компаниялар менен биргеликте шаар тургундары үчүн атайын сунуштарды даярдады. Атап айтканда, туристтик компаниялар жолдомолорго 10–15% өлчөмүндө арзандатууларды сунуштоодо.

«Шаар сыртына чыгабы же Бишкекте калабы ар кимдин өз тандоосу. Биз эч кимди мажбурлабайбыз», — деп белгиледи Жунушалиев.
Ал тургундардын туристтик сунуштарга болгон кызыгуусу буга чейин эле өскөнүн белгиледи. Эгер мурда туристтик компанияларга 200гө жакын адам кайрылса, азыр алардын саны 730дан ашты. Мындан тышкары, 180 жолдомо алдын ала брондолгон.

Мэр алдыда өтө турган иш-чаралар Бишкек жана Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, көрүлүп жаткан чаралар иш-чараларды коопсуз жана ыңгайлуу өткөрүүгө багытталганын айтты.

«Борбор калаанын тургундарын жана конокторун кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана эс алуу күндөрүн алдын ала пландаштырууга чакырам», — деди ал.
Белгилей кетсек, саякаттарга берилген арзандатуулар тууралуу маалыматты Бишкек мэриясынын сайтынан тапса болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз