Понедельник, 17 августа

Индонезиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 50дөн ашты

0

Индонезиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 51ге жетти, 100дөн ашык адам жаракат алды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, болжол менен 5 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Жер титирөө 900дөн ашык имаратты талкалап, дагы 450 имарат жабыркаган.

«Биз урандыларды тазалап, обочолонгон айылдарга алып баруучу жолдорду ачтык, бирок байланыш көйгөйлөрү жана электр энергиясынын өчүрүлүшү издөө-куткаруу иштерине тоскоол болууда», — деген куткаруу кызматынын өкүлү Фатхур Рахман билдирген.
Jakarta Globe гезитинин маалыматына ылайык, өкмөттүк жана турак жай имараттары, мектептер, медициналык жана диний мекемелер жабыркаган.

Белгилей кетсек, 15-августта Индонезиянын Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясында 7,7 баллга жеткен зилзала катталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз