Вторник, 18 августа

“Барс” менен “Дордой” футбол командалары беттешет

0

Эртең, 19-августта Бишкек шаарындагы «Алга» спорт комплексинде 2026-жылкы Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Суперкубок үчүн учурдагы өлкө чемпиону — Каракол шаарынан «Барс» футболдук клубу жана 2025-жылкы Кыргызстандын Кубогунун ээси — Бишкектин «Дордой» клубу күч сынашат. Беттеш саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. «Дордой» клубу бул олжону 6 жолу жеңип алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз