Понедельник, 24 августа

Улуттук музейде Үркүнгө арналган көргөзмө өтөт

0

27-августта саат 14:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө Борбор Азия университетинин «Эс тутум жана эстеликтер: музейлер дубалсыз жана чек арасыз» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Экспозицияда музейдин фондунда сакталган Үркүн темасындагы көркөм чыгармалар, ошондой эле оозеки тарыхтарды чогултуу жана изилдөө иштеринин негизинде жаралган инсталляциялар коюлат.

Көргөзмөдө тарыхый окуялардын элдин эсинде сакталып калган издери жана муундан муунга өтүп келе жаткан эскерүүлөрү чагылдырылат.

Көргөзмөнүн автору жана арт-куратору – Замира Батырбекова.

Долбоордун катышуучулары – Кулайым Батырбекова жана Акзыйнат Шеримбек кызы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз